Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Фото - Аравандагы сел 4 үйдү каптап, 5 унааны агызып кетти

Turmush -  Кечээ, 9-июлда саат 16:00 чамасында Араван районундагы Кичи-Алай айылынын Торпу аймагын катуу жаандан кийин колоттордон аккан сел суусу каптады. Анын кесепетинен 4 үйдүн ичине кум-шагыл толуп, авариялык абалга келди, деп билдирди ӨКМ. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жаракат алган жок.

Мындан тышкары, 1 үйдүн короосун сел калдыктары каптап, 5 унааны сел суусу агызып кеткен. Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев барып, көзөмөлгө алууда. Жабыркагандар үчүн 4 чатыр тигилип, азык-түлүк жеткирилди.

Сел 800 метр ички чарбалык жолду, ички чарбалык көпүрөнү жана 4 электр мамычасын жараксыз абалга келтирди. Учурда ӨКМдин 34 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундар селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3996
Көп окулду
×