Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 04.07.2017 11:17

Аравандагы Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

Turmush -  Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган жок. Араван аймактык шайлоо комиссиясынын тарайымы Саида Кудайбердиева билдиргендей, кечээ, 3-июлда өткөн шайлоого 31 депутаттын 15и гана катышып, кворум болбой калды.  

«Айыл өкмөт башчысын шайлоо күнү 14 күндүн ичинде кайрадан белгиленет», - деди ал.

Юсупов айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×