Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 29.06.2017 08:51

Араванда жайыттан чогулган каражат 2,5 млн сомго жетти

Turmush -  Башка райондорго салыштырмалуу Араван районунда жайыт жерлер аз, бирок пайлануучулар көп. Керме-Тоо жайыт комитетинин төрагасы Жумананазар Тагаевдин айтымында, райондо жайыт комитети 2011-жылы түзүлгөн.

«Араван району боюнча 29 миң гектар жайыт жер пайдаланууга берилген. Бирок, анын ичинен 2 миң гектарын жайыт катары пайдаланууга мүмкүн эмес. Жайылып жаткан ар бир малдын башына 180 сомдон, ал эми койлорго 36 сомдон төлөнсүн деген чечим айылдык кеңеште бекитилген. Буга чейин жайыт комитети түзүлө электе жайыттардан 16 миң сом түшүп турган. Комитет түзүлгөндөн кийин пайданы 2,5 млн сомго жеткирдик. Түшкөн акчага кайра эле жайыт пайдалануучуларга көпүрө куруп, жолго шагыл төгүп, шарттарды түзүп жатабыз.

Учурда айыл өкмөттөн жайыт комитети жоюлсун деп жатышат. Жайытка ансыз деле ыңгайлуу жерлер берилген эмес. Ал эми, токой чарбасына жайытка ылайыктуу жерлер берилип калган», - деди Ж.Тагаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×