Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Араванда ишкерге курал менен кол салган 3 шектүүнүн иши сотко өттү

Turmush -  Араванда курал менен киши карактаган 3 шектүүнүн иши сотко өттү. Алгачкы отурум 23-июнда Араван райондук сотунда өтө турганын айыпталуучунун жактоочусу А.Бектемиров билдирди.

Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, 2017-жылдын 30-апрелинде С.Юсупов айыл аймагынын 1971-жылы туулган тургуну Х.Д. өзүнө таандык «ДУЭ Ланос» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыккан. Ал эгин талаасын көздөй бара жаткан жолдон «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаадан белгисиз бет капчан адам түшүп, колундагы ок атуучу куралы менен коркутуп, акча талап кылган.

Жабырлануучу акча алмаштыруучу жайдын ээси. Ага кол салган топ артынан бир жума бою ээрчип, акыры талаадан кол салышкан. Окуя учурунда ишкерди коркутуу максатында асманга ок атылып, аны уккан айылдыктар сыртка чыкканда кол салгандар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Бул окуя боюнча ыкчам тергөө топ түзүлүп, шектүү катары Араван районунун 3 жашоочусу: 1983-жылы туулган С.П., Ш.А. жана 1988-жылы туулган А.Н кармалган. Алардан далил буюм катары ок атуучу курал, эки даана ок, 1 даана Германиядан чыгарылган тапанча, 2 даана бет кап, 2 даана кол кап жана автоунаага тийиштүү мамлекеттик 2 номур (О22-63 А, О 12-19 К) алынган.

Шектүүлөргө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1268
×