Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Араванда окуучуга кол көтөргөн мугалимге кылмыш иши козголду

Turmush -  Араван районунда окуучуга кол көтөргөн мугалимдин иши тергелип жатат. Бул тууралуу Араван райондук прокуратурасынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ушул жылы 19-апрель күнү Төбө-Коргон айыл аймагынын Жаңы-Абад айылындагы Назаров орто мектебинин орус тилчи мугалими 15 жаштагы окуучуну сабап, денесине жаракат келтирген. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуучу жеңил жаракат алганы аныкталды.

Аталган факты боюнча Араван РИИБдин тергөөчүлөрү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1645
Көп окулду
×